Биз социалдык тармакта

Сузакта кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө

Сузак районунун кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө.

Жаз-жай айларында сел, суу ташкындарынын, жер көчкү кырсыктарынан адам өлүмүн болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы кооптуу тилкелерде жашаган кожолуктарга коопсуз аймактарга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сузак районунун Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Барпы, Курманбек, Көк-Арт айыл аймактарында жер көчкү кооптуулугу жогору болгон тилкелерге ӨКМнын алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин жумушчу тобу тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп, биринчи кезекте көчүрүүгө 102 үй-бүлө сунушталган.

Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы кооптуу тилкелерде жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу көчүрүү иштерине жергиликтүү бийликке 20 бирдик 10 орундуу чатыр бөлүнүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан