Бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын күнү. Шаар алгач Пишпек деп, кийин Фрунзе аталып жүргөн. 1991-жылы тарыхый Бишкек деген аталышын кайра алган. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров калаа тургундарын шаар күнү менен куттуктап, шаардын өсүп-өнүгүүсүн каалады.
Бишкек шаарынын күнү 1 кылымдан ашык убакыттан бери белгиленип келе жатат. Ал эми 2016-жылы шаардык кеңештин токтому менен жыл сайын 29-апрель - шаар күнү катары туруктуу белгилөө тууралуу чечим кабыл алынган.