Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров быйыл энергетикалык кризис болушу мүмкүнбү деп сурады.
"Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөн. Көмүр жеткирүү маселеси кандай болуп жатат? Быйыл энергетикалык кризис болобу?" - дейт Бакиров.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кышка даярдык боюнча өкмөттүн токтому чыгып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын айтты. "Жылдагыга караганда бул ишти эрте баштадык. Азыр өзүңүздөр көргөндөй бир жарым ай убакытты коронавируска каршы күрөшүү ишине алдырып койдук. Бул болбогондо биз майдын башында болгон сатып алуу процедураларды бүтүрмөкпүз. Иштер жүрүп жатат", - деди Боронов.