Биз социалдык тармакта

Жакынкы күндөрү күйүүчү майдын чекене баасын орточо 2 сомго төмөндөтүү пландалууда

Өлкөдө жакынкы арада күйүүчү майдын чекене наркын орточо 2 сомго төмөндөтүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

"Чечим тиешелүү мамлекеттик органдар жана өлкөнүн нефтетрейдерлеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Учурда республиканы күйүүчү жана майлоочу май менен камсыз кылуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Муну менен катар мунай заттарынын тартыштыгын алдын алуу боюнча иш-чаралар кабыл алынууда.

Жалпысынан 2020-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча күйүүчү, майлоочу майлардын чекене баасынын түшүүсү байкалууда. Алсак, январь-апрель айларында өлкө боюнча бензин 2 сом 80 тыйынга же 6,7 пайызга арзандаган, ал эми дизель майдын баасы 4 сом 70 тыйынга же 9,7 пайызга төмөндөгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gen_fanat
2020-04-30 16:46:10
Уят 2сом. Дүйнөлүк бааны эске алгыла.
+3
Jaznura
2020-04-30 16:56:20
Gen_fanat,дүйнөдө орточо күйүүчү майдын баасы 0.93$ ал эми Кыргызстанда 0.53$.
-2
Alimbek1000
2020-04-30 16:52:29
Баа коюуну бир тарап чече албайт. 2 сом туура эле баа
-3
Sancho-
2020-04-30 19:07:59
37 сомдон болсо азыр. 2 сом тушсо 35 сомдон болуп калабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан