"Дыйкандарга мамлекеттик буйрутма берип, өзүбүздү азык-түлүк менен камсыздоого өтүү зарыл" деп бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Туманбаева билдирди.
Ал азык-түлүк боюнча башка мамлекеттерге көз каранды болбош керек деген пикирин айтты. "Кыргыз өлкөсү импорттон көз каранды экенин айтып жатасыздар. Башка мамлекеттерге көз каранды болбой, дыйкандарга мамлекеттик буйрутма берип, өзүбүздү азык-түлүк менен камсыздоого өтүү керек", - деди ал.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев быйыл 272 миң гектар фонддун жеринин 35 пайызына буудай айдоо боюнча өкмөттүн токтому чыгарылганын билдирди.