Биз социалдык тармакта

Акын, журналист Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарынын Дордой конушунда белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына 100дөн ашуун киши келди. Алар акындын туугандары жана маданият өкүлдөрү.

Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 43 жашында каза болду. Ал бир айдан кийин 44кө чыкмак.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

"Жалгыздык" (1996-жыл), "Мелмил" (2005-жыл), "Нөлү көп жылдар" (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштап, "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы жылдары "Азаттык" үналгысында иштеп жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2020-05-01 09:44:04
Жаткан жери жайлуу болсун. Орозонун кунундо, жума куну жерге берилип жатса жакшы адам экен ниети калыс.
+6
Asyl.jazi
2020-05-01 10:14:21
Эмне учун 3 кундон кийин жерге берет?
-4
mela
2020-05-01 22:28:32
Asyl.jazi,алыстан туугандары келип,коштошуш учун.
0
Asyl.jazi
2020-05-01 10:15:02
Аллахым бейишинен орун берсин!
0
filis
2020-05-01 16:22:48
Жаткан жери жайлуу болсун. Тенирден жакшылыктар гана болуп турсун.
-2
molorbaev
2020-05-01 22:11:24
Урматтуу супер, ыр жыйнактарын тизмелегенде акыркы ыр жыйнагы, 2019-жылы чыккан "Журоктогу бороон" жыйнагы кошулбай калыптыр. Ушуну кошуп койсонор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан