Биз социалдык тармакта

Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. "Элмирбекти жерге берерде өтө кайгырдың, күйдүң..." деп эскерди жазуучу Шайлообек Дүйшеев

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарынын Дордой конушунда белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Анда Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев сөз сүйлөп, каңырыгы түтөп Ажыматовду эскерди.

"Элмирбекти жерге берерде сага чалдым эле, кайгырып жатканыңды көрүп, көп кайгырба десем макул дедиң эле. Эми арабызда сен жоксуң. Былтыр жарыкка чыккан "Жүрөктөгү бороон" деген китебиңди барактап олтурам. Андагы:

"Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлүң бизге үндөшпөй
" деген ыр саптарыңдай, сен арабыздан кеткен күнү асман түнөрүп, жамгыр төгүп турду.

Сен элибиздин жүрөгүндөсүң, сени унутпайбыз. Сен жашабай кеткен жылдарды, сен жашабай кеткен өмүрдү артыңдагы балдарың, кыздарың жашасын. Сени өмүр бою өлтүрбөй турган өнөрүң, ырларың жашасын, кош боорум, Зайырбек!".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil18
2020-05-01 11:54:56
Зайырбек ага жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун.
Бейиштен орун насип кылган болсун.
+4
Alixan-Nookat.2015
2020-05-01 12:19:33
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун! Аллахтын ыйык күнү орозо күнүндө, жума күнү жерге берилди.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан