Биз социалдык тармакта

Президент: "Өлкөбүздүн өнүгүүсү, бүгүнкүсү жана келечеги эмгекке негизделген"

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин Эмгек майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биз бардык ийгиликтерге талыкпаган эмгек менен гана ээ болгон коомбуз. Өлкөбүздүн өнүгүүсү, бүгүнкүсү жана келечеги - табигый ресурстарга, жаратылыш байлыгына гана эмес, эмгек адамынын аракетине негизделген. Биздин мамлекетибизде адам ресурсун өнүктүрүү, эмгек адамын даңазалоо - ар дайым маанилүү багыт бойдон кала берет. Жалпы дүйнө жүзү боюнча ишмердүүлүк кыскарган азыркы учурда эмгектин баркы, эмгек менен гана жашообуз мазмундуу экени дагы бир ирет даана көрүндү. Замандын жаңы талаптарына татыктуу жооп бере алган коомду, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн бирге аракет жасап, чогуу эмгек кылалы", - деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alimbek1000
2020-05-01 12:00:45
Ар бир Кыргызстандыкты эмгек күнү менен куттуктайм. Мамлекетибиз өнүп өссүн! Пандемиядан да аман чыгып алалы
0
robot111
2020-05-01 12:04:40
Урматуу мекендештер бугунку майрамынар менен. Баарынарга ден соолук, жакшы маанай каалайм.
+2
Jaznura
2020-05-01 12:05:34
Баарыңыздарга ийгилик бекем ден соолук каалайм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан