УКМК бүгүнкү күнгө карата Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык экенин айтты. Бул тууралуу комитеттен билдиришти.
"Атамбаев күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эч кандай арыздануусу жок", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.
Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылып келген.