Өлкөдө туруксуз аба ырайы орун алып, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу бар. Мындай билдирүүнү ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
4-майда түнкүсүн жана 5-7-майда республиканын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
4-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда, 5-7-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым аймактардагы тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
4-7-май аралыгында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.