Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы Исфанадагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча өткөргөн жыйында турак жайды камсыздандыруу маанилүү экенин айтты

Бүгүн, 3-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Исфана шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу маселени талкуулаган жыйын өткөрдү. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда маалымдалгандай, жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, анын кесепетинен административдик мекемелерди жана турак жайларды суу каптаганын маалымдады. Ошондой эле ал Исфанага орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ кеткенин билдирди.

"Учурда селдин кесепеттерин жоюу жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө, электр энергиясын берүү калыбына келтирилди", - деди Аскаров.

Өкмөт башчы бардык мүмкүн болуучу кооптуу аймактарда алдын алуу иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

"Кыска мөөнөттүн ичинде селдин кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл. Биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиги бар жерлердеги адамдардын коопсуздугун камсыздоо керек. Турак жайды камсыздандыруу керектиги тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү. Бул табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүдө маселелерди чечүүгө шарт түзөт", - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Chungyz
2020-05-03 20:44:17
Бул дегени озунор аракетнерди кыла бергиле дегени окшойт
+5
robot111
2020-05-04 11:08:13
үйлөр камсыздандырылган болсо жабыркаган үйлор толук калыбына келтирилет.
+2
bond02
2020-05-03 21:27:16
Турак жайды камсыздандырса, уйдун 50% жараксыз абалга келсе мамлекет кайра уйду оз калыбына келтирип береби же канча процентин толоп берет?
+3
anash
2020-05-03 22:40:48
Бул айтырбай келген кырсык кудай сактасын эми ушу камсыздандыруну айтбай эле койсон болбойбу андан коро чечунун жолун ойлогула же озбектерден уйронгуло
+4
Alimbek1000
2020-05-04 10:33:24
Эгер үйлөрүн камсыздандырган болушса анда мамлекет аларга 1 млн сом бөлүп берет. А эгер камсыздандырган эмес болсо анда билбейм
+2
Jaznura
2020-05-04 10:34:33
Үйлөрдү камсыздоо ушундай оор шартта жардамы тиет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан