Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Исфанада жүргөн селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусундагы иш сапарында Исфана шаарындагы, Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарындагы суу каптаган бир нече объектти кыдырды. Ал ошондой эле селдин кесепетинен зыянга учураган турак жайларды жана инфраструктуралык объекттерди көрүп чыкты.
"Вице-премьер-министр жарандарга тийиштүү жардамдарды көрсөтүү, жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдарда чара көрүүнүн алкагында алдын алуу иш-чараларын көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында турак жайды камсыздандыруу боюнча иштерди күчөтүүнү милдеттендирди", - деп жазылат маалыматта.