Бүгүн, 4-май саат 10:40ка карата Бишкектеги май куюучу жайларда бензиндин АИ-92 түрүнүн орточо баасы 37 сом 40 тыйынды түздү. Ал эми дизелдин орточо баасы 43 сом 70 тыйын.
Бензиндин АИ-95 түрүнүн орточо баасы - 40 сом 10 тыйын, АИ-98 - 45 сом 10 тыйындан 45 сом 90 тыйынга чейин.
Жалпылап алганда шаар ичинде күйүүчү майдын эң төмөнкү баасы 36 сом 50 тыйын болсо, дизель майынын эң төмөнкү баасы 39 сом 50 тыйынды түзгөн.
Статистика ири май куюучу станциялардын расмий сайттарынан алынды.