Бишкек шаарындагы Көкчөтаев менен Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атынан коюлган сейил бак курулуп бүттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
«Бишкек асфальт сервис», «Бишкек жашылдандыруу чарбасы» жана «Бишкек свет» муниципалдык ишканалары жаңы сейил бакты куруп бүтүштү. Мэр Азиз Суракматов аталган сейил бакка барып, иштин жыйынтыгы менен таанышты.
Сейил бактын жалпы аянты 10 гектарды ээлейт. Шаардык бюджеттен сейил бакты курууга 48 миллион сом бөлүнгөн", - деп жазылат маалыматта.