Бишкекте ысык суу 1-июнда өчүрүлөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ысык суунун өчүрүлүшү өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот.
"Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы борбор калаанын тургундарына ысык суу берүүнү 1-июнда өчүрүүнү пландап жатат. Суу түтүктөрүн оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө жүргүзүү күтүлүүдө", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.