Биз социалдык тармакта

Президент: "Баш мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик"

Бүгүн, 5-майда президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чейрек кылымдан ашык мезгилден бери Конституциябыз эгемен мамлекетибиздин өнүгүү жолун аныктап, өлкөбүздүн соңку тарыхында өзгөчө ролду ээлеп келет. Конституция - Кыргыз мамлекетинин дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду.

Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда.

Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү - биздин негизги милдетибиз.

Майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alimbek1000
2020-05-05 10:30:06
Конституция күнү менен куттуктайм жалпы мекендештерди!
-1
Kattaldym
2020-05-05 10:39:16
Жоготуп албай жакшы катып алсаңар.
+1
Erik2018
2020-05-05 10:39:37
Конституция - Кыргыз мамлекетинин дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө негиз болот бул күн кыргыз тарыхында өзгөчө дата
-1
bond02
2020-05-05 10:39:47
Жоголуп кеткендерин да айтып койгула.
+1
Erik2018
2020-05-05 10:40:02
майрамын менен эгемендүү кыргызстан
-1
Jaznura
2020-05-05 10:51:13
Майрамыныздар менен
-1
pat12
2020-05-05 11:14:06
Шарият деп арабтардын салтуу мыйзамын бул жака таашыбай, укук тушунук менен жашоо керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан