Бакай-Ата райондук ооруканасынын хирургия бөлүмү жабылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондун акими Чолпонкул Төрөкулов билдирди.
"Башка райондордон агым көп болуп жаткандыктан, элдин байланышын азайтуу максатында хирургия бөлүмү операция боло турган, оор абалдагы жарандарды гана кабыл алып жатат. Калган жарандарды кабыл алышкан жок. Бул штаб менен макулдашылган. Ал эми бөлүмдүн ичинде медицина кызматкерлери калып калган деген туура эмес маалымат. Алар күнүмдүк жай турмушта график менен иштеп жатышат", - дейт аким.
Буга чейин Элдик кабар бөлүмүнө окурман Бакай-Ата райондук ооруканасынын хирургия бөлүмү жабылып, ичинде медицина кызматкерлери жана бейтаптар калып калганын билдирген.