Биз социалдык тармакта

Нарын облусунда торпокко кол салган ак илбирс кармалды (фото, видео)

Нарында кармалган ак илбирс курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин реабилитациялык борборуна жайгаштырылды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Нарын облусуна караштуу Эмгек-Талаа айылынын жашоочусу "Тескей-Торпо" ашуусунан музоого кол салган илбирсти кармаганы маалымдалган.

"Аталган айылга өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо департаментинин тобу барышкан. Ветеринарлар илбирсти текшергенде анын картаң жана алсыз экенин, ошондой эле буту аксап, көрүүсү начарлаганын аныкташкан. Мындан улам илбирс өз алдынча аңчылыкка чыга албай калган. Агенттиктин директору Мирслав Аманкуловдун тапшырмасы менен кармалган илбирс Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы НАБУ-Кыргызстан реабилитациялык борборуна жеткирилген. Учурда илбирс калыбына келип калды. Ал ветеринарлардын көзөмөлүндө каралууда. Бүгүн илбирстин абалын ветеринардык кароодон өткөрүү максатында Бишкектен атайын топ келет", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин дагы 2020-жылдын 9-январында Таластагы жергиликтүү тургундар жана Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери көзүнөн жарадар болгон ак илбирсти кармашкан. Ага Жаабарс деген ат беришкен. 2020-жылдын 7-апрелине карата Жаабарстын абалы канааттандырарлык экени кабарланган.

Нарын облусунда торпокко кол салган ак илбирс кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Esenali
2020-05-05 16:15:17
Жүрөгү тоо жигиттер экен.
+12
bond02
2020-05-05 17:25:52
Охоо сразу эле колго уйротуп коюшуптур го.
+8
bond0202
2020-05-05 17:57:14
кыргызча суйлотуп койушат биздикилер
+9
gulya583
2020-05-06 00:59:38
Быйыл ак илбирстер жылы болду окшойт ээ мен билгенден.
+2
Jadyrashka
2020-05-06 14:16:09
Иий байкуш илбирс. Кармалап сармалай бербей кетиргиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан