Биз социалдык тармакта

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова дүйнө салды

Кечээ, 5-майда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова 68 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сагибжамал Ходжибекованын ысымы кыргыз опера ырчыларынын арасында жогорку кадыр баркка ээ болуп, эл сүймөнчүлүгүнө арзыган. Ал 1952-жылы 29-февралда туулган. 1980-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп иштеп баштаган.

Ходжибекова мыкты опера ырчысы гана болбостон, образ жаратуу жагында өзүн мыкты көрсөтө алган. Чыгармачылык жолунда ал “Саманчынын жолунда” Толгонайдын, “Русалкада” Наташанын, “Манаста” Каныкейдин, “Евгений Онегинде” Ларинанын, “Курманбекте” Канышайдын жана башка ролдорду жогорку чеберчиликте аткарган.

Таланттуу ырчы 40 жылдан ашык өмүрүн чыгармачылыкка арнап, улуттук опера искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө эбегейсиз салым кошту.

Маркумдун өмүрлүк жары Кыргыз Республикасынын Эл артисти Керим Орузбаевге жана уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaku2017
2020-05-06 09:58:31
Кыргыз маданиятын, искуство тармаган онуктуруш керек. Жаштарды искуство, маданиятка аралаштыруу керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан