Биз социалдык тармакта

“Супер-Инфо” гезити мыкты дизайнеринен ажырады

“Супер-Инфо” гезитинин дизайнери Азамат Сагынбаев 6-майда узакка созулган оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды. Кесиптешибиз соӊку жарым жылдан бери ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткан.

Азамат Сагынбаев 1981-жылы, 16-июлда төрөлгөн. Бул жылы 39 жашка чыкмак. Ал “Супер-Инфо” гезити түптөлгөндөн бери дизайнерлик кесипти аркалап келе жаткан, өз иши менен далайларды суктанткан, гезитке башкалардан өзгөчө көрк берип, ошонусу менен “Супер-Инфонун” өлкөдөгү эң көп нускалуу гезит болушуна опол тоодой салым кошкон жигит эле. Азаматтын жетегинде иштеген дизайнерлер тобунун эмгегинин арты менен “Супер-Инфо” бир нече ирет мыкты жасалгаланган гезит катары сыйлыктарга ээ болгон. Ал өз ишин сүйгөн, таланттуу, жоопкерчиликтүү, адамгерчилиги бийик инсан эле. Артында апасы, жакындары, жубайы жана 3 баласы калды.

Кейиштүүсү, 1-май күнү 2 уулдан соң кыздуу болгонун билбей кетти. Кесиптешибиздин бир туугандарына, үй-бүлөсүнө тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.

Азамат, сенин элесиӊ биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт!

“Супер-Инфо” гезитинин,

SUPER.KG порталынын жана

SUPER.TV`нын эмгек жамааты

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aimani
2020-05-06 11:53:02
Ииий. Өкүнүчтүү. Ыйманы саламат болсун. Сиздерге терең кайгыруу менен көңүл айтам
+14
Bars88
2020-05-06 12:04:39
Жаткан жери жайлуу болсун.Билип билбей кылган куноолорун кечир бейишинден жай бер
+13
Baktyluumun98
2020-05-06 12:20:00
Ыйманы саламат болсун. Жакындарына жана Супер инфого конул айтам.
+8
leili1
2020-05-06 15:21:05
Ыйманы саламат болсун
+4
Arstan18.18
2020-05-06 15:56:48
Жаткан жери жайлуу болсун, жакындарына сабыр тилейм. 6-майда узулуптур 1-майда кыздуу болгонун билбесе комада жаткан болобу?
+2
Nur777
2020-05-06 19:19:59
Жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торко болсун!
Жараткан жаннаттан орун берсин,жакындарына сабыр тилейм!
Супер-Инфонун жамаатына да конул айтам,кабырганар кайышып тургандыр,коп жыл иштешсенер бир туугандай эле болуп калдынар да...
Жаш кетиптир,окунучтуу((((
+2
Kitep
2020-05-06 21:18:32
Уй булосуно жана Супердеги кесиптештерине конул айтабыз,сабырдуу болуп кайрат кылыныздар! Жаткен жери жайлуу болуп,барар жери бейиш болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан