Биз социалдык тармакта

Вице-премьер Жалал-Абад облусунда катталган селден зыян тартуу эсептелип жатканын айтты

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жалал-Абад облусунда катталган селден зыян тартуу эсептелип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ала-Бука жана Аксы райондорунун аймагында жүргөн. Кош-Терек айылынан 6 турак үйдүн, Ызар айылынан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Турак үйлөргө зыян келген эмес. Селдин кесепеттерин жоюуга 28 кызматкер, 2 техника тартылып, калыбына келтирүү иштери толук аяктады. Аксы районунун бир катар айылдарында да катталып, ички чарбалык жолдор жабыркаганы айтылды. Учурда аталган эки райондордо катталган селден зыян тартуу эсептелип жатат”, - деди Акрам Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан