Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров бир жылда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу үчүн канча каражат талап кылына турганын сурады.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун айтымында, бир жылда 400 миллион сомдун тегерегинде каражат талап кылынат.
Мирлан Бакиров: "85 метрлик курулган дамба бир саатка да туруштук берген жок. Сапаты өтө начар болгон", - деди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров дамба сапатсыз курулган дегенге макул болуп, бирок өзүнүн дамба коргоочу функциясын аткарганын билдирди.