Депутат Таабалды Тиллаев эл жыш жайгашкан айылдарга бетон тосмолорду куруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Исфана аймагын жылда таш тосмолор менен тособуз, бирок эффективдүүлүгүн өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Акча асманга кеткендей болууда. Албетте, жардам берип жатат. Бирок бетон тосмону курганыбыз эффективдүүлүгүн көрсөттү. Таш тосмолорду курууну токтотуп, эл жыш жайгашкан айылдарга бетон тосмолорду куруу керек", - дейт Тиллаев.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров депутаттын сунушу эске алына турганын айтты.