Биз социалдык тармакта

Улуттук банк "Улуу Жеңишке 75 жыл" коллекциялык тыйындарын чыгарды

Кыргыз Улуттук банкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арнап, "Тарыхый окуялар" сериясынан "Улуу Жеңишке 75 жыл" коллекциялык күмүш жана жез-никел тыйындарын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Анда тыйындын алдыңкы бетинде тынчтыктын символу көгүчкөн түшүрүлгөн, арткы фонунда Кызыл Армиянын солдаттарынын жана офицерлеринин "Жеңиш кол тамгалары" жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылган. Ал эми арткы бетинде "75" деген сандын фонунда "28 Баатырдын эрдиги үчүн" мемориалдык комплексинин элеси түшүрүлгөн.

Ар бир тыйын акрил капсуласына салынган жана өзүнчө таңгакталган. Коллекциялык тыйындар Кыргыз өлкөсүнүн аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aijamalkamiljan
2020-05-06 14:08:10
Nac banktan alsak bolobu je kommersialyk banktardan alsak bolobu?
-3
milan-707
2020-05-06 14:18:35
Жакшы
-3
baltabaev
2020-05-07 00:42:13
Кадыры кетти акчанын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан