Биз социалдык тармакта

ИИМдин академиясынын кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине таап беришти

ИИМдин академиясынын кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине таап беришти. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Бүгүн, 6-майда болжол менен саат 11:00 чамасында Октябрь районунун аймагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатып, 4-кичи районунда көчөдө адашып жүргөн болжол менен 3-4 жаштагы баланы таап алышкан. Ошол замат кызматкерлер Октябрь РИИБине маалымат беришип, жыйынтыгында бала ата-энесине кайтарылып берилди.

Баланын энеси саат 10:30дан баштап өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөндөн майнап чыкпагандан кийин гана Октябрь РИИБине кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ziregim
2020-05-06 16:36:40
Мен дайыма эле таап берип эле журом мени да жазгылачы анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан