Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште өткөн жыйында депутат Тазабек Икрамов ӨКМга алар кандай иштерди аткарып жаткандыгы тууралуу суроолорду узатты. Анын ичинде депутат министрликтин карамагында кандай техникалар бар экенин сурап өттү.
Ага өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аларда төрт кайык жана бузук абалындагы 1 тик учак бар экенин билдирди.
Өз кезегинде депутат ӨКМ бул ар кандай кырдаалда элди куткара турган министрлик экенин белгилеп, техниканы көбөйтүү боюнча сунуштары менен министрлик парламентке кайрылышы керек экендигин айтты.