Биз социалдык тармакта

"Кыргыз мамлекети дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирбейт". Германия кызматташтыкты токтоторун билдирди

Германия мындан ары Кыргыз өлкөсү менен айрым маселелерде иштешүүнү улантпайт. Эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн программалар токтотулат деп билдиришти Германия өлкөсүнүн элчилигинен.

"Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) узак мөөнөттүү глобалдык реформасына ылайык, Германия келечекте дүйнөдөгү глобалдык чакырыктарды канааттандыруу үчүн кызматташтыкты өнүктүрүү жаатына көңүл бурат. Германиянын өнүгүү кызматташтыгынын мазмуну, процесстери жана түзүмдөрү жаңыртылып, өнөктөш өлкөлөрдүн саны кыскарат.

Башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргыз өлкөсү үчүн жакынкы бир нече жыл аралыгында техникалык жана каржылык кызматташтык боюнча эки тараптуу программалар ырааттуу түрдө токтотулат. Мурда макулдашылган же ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бардыгы токтотулат.

Өнүгүү боюнча кызматташтыкты токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз мамлекети дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирбейт деген баа берүүгө негизделген. Жүргүзүлө турган процесс боюнча мамилелерибизди мүнөздөгөн купуялуулук жана өнөктөштүк кызматташууда Кыргыз өкмөтү менен мындан ары консультациялар өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Элчилик белгилегендей, кызматташууну токтотууда коронавирус пандемиясы жана анын кесепеттери эске алынат. Бул Германиянын экономикалык өнүгүүгө жана ден соолукту чыңдоого кошкон салымы, азыркы учурда коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө маанилүү роль ойнойт деп эскертет элчиликтен.

Ошондой эле учурдагы эки тараптуу программалар аяктагандан кийин, Германия ЕБ, БУУ жана өнүгүү банктарына катышуу аркылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошо берет. Өнүгүү чөйрөсүндө иштеген көптөгөн бейөкмөт уюмдардын, анын ичинде саясий фонддордун ишмердүүлүгү мындан ары "BMZ" тарабынан каржыланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Erik2018
2020-05-06 19:47:37
азыр айылда мал жоготкондо джип менен издеп калган заман эч бир адам бири бирин тоготпой калган сүйлөгөнү политика, бой без правила, бизди ким айтты жакыр мамлекет деп
-5
ruslanz
2020-05-06 21:38:00
Erik2018,Джип менен мал издегендер торт нол ананбир пайыз, б.а жокко эсе. Бой без правил эмне тиешеси бар.
0
robot111
2020-05-06 22:28:39
Коррупция менен курош жакшы нукта баратат. Буга далил катары айта берсе коп иштер жасалды мисалга Бишкектин баңгизатка каршы мекемесинин башчысын айтсак болот. Ушуга окшогон акмактар элдин ишенимин кетирип жатышат.
-14
Alimbek1000
2020-05-06 22:25:02
Биз жакыр өлкө эмеспиз! Кудайга шугур баары жакшы. Жакыр олколорго жардамбере бергиле.
-5
Jaznura
2020-05-06 22:26:07
Erik2018,туура айтасың
-8
Alimbek1000
2020-05-06 22:27:35
Жакшы созунор учун рахмат. Экономикалык жактан кызматташпасак да дипломатиялык жактан кызматташа ьберебиз. Жакыр олко эмес дегенинер кубандырды. Чын эле биздин мамлекет жакыр эмес.
-9
robot111
2020-05-06 22:27:55
Президент туура талап койгон. Ошондон кийин кыймылдап башташты. Баардык тармак иретке келип мамлекетибиздин кызыкчылыгы учун иштешет баштады.
-10
Alimbek1000
2020-05-06 22:30:02
Өздөрү вирустан улам начар абалга туш келгенин айткысы келбей акырын башкача кылып түшүндүргүсү келиптир. Бирок айдан ачык эле түшүнүктүү коронавирус алсыратканы.
-9
Chungyz
2020-05-06 19:50:18
Рахмат ушунча жардам бергенинерге карыз болсок бир кун аласынар эми
+15
Bars88
2020-05-06 20:23:04
Озу чын чынына келгенде немистер бизге канча карыз.Согуштан канчалаган аталарыбыз олду.Бул жакта калган бардык кишилер согуштагыларга жардам деп кун тун жебей ичпей иштешти.Канчасы ачкадан кыйналгандан олуп кетишти
-7
TIMON_BERKOWITZ
2020-05-06 20:27:51
Комплиментине чоң рахмат! Жагымдуу угулат экен. Бирок токтотуунун аркасында аларга жакпай калган саясат жок беле? Оюм дароо ушуга кетти.
-1
maksat_osh
2020-05-06 20:30:14
TIMON_BERKOWITZ,Коррупция, кландык бажагейт кудагейт дегендер жакпаса керек
+10
maksat_osh
2020-05-06 20:29:44
Кыргызстан кландык башкарууга үй-бүлөлүк башкарууга өтүп кеттида
+13
souza.j
2020-05-06 21:22:14
Эх немистер. Ошондо не пособия берилбейби.
-6
ruslanz
2020-05-06 21:34:03
Кризиске байл-туу чыгымдарын кыскартып жатышат да, болбосо Кырг. жакыр олко деп коп.уюмдар айтып эле журушпойбу.
+3
Dalil
2020-05-06 21:43:41
ruslanz, Кыргызстанды өнүктүрөлү десе биздин чоңдордон толк чыкпай көңүлү калды окшойт.
+11
nelli
2020-05-07 17:32:17
ruslanz,Жакыр олкону озубуз эле артка тартып атпайбызбы онуктурбой. Эптеп эле колго тийгенин жула качып, митинг уюштура коюп, тоноп-талап.....
+2
bond02
2020-05-06 21:52:16
Кыргызстанга канча акча келсе да синип кетип бирок онукпогонуно тан калды немистер.
+15
ALATOOLUK.JIGIT
2020-05-06 22:02:47
Кочотко канча суу куйса да кочот куурап кала берет жер жутуп коюп тойбойт,же пейреп чыкпаса дыйканидагы кой дейт да .
+4
Jaznura
2020-05-06 22:27:12
Немис деле өзүнүн абалына жараша иш кылып жатат. Туура түшүнөлү. Андан көрө өзүбүздүн ишкерлерди колдойлу.
-4
adoi
2020-05-06 22:38:10
Неге тушунбойсунор тупойлор (кемчонтойлор) германия алсырап калгандыктан жардам беретурган олколордун санын кыскартты.
+3
anonymous
2020-05-06 22:56:24
Туура кылыптыр. Чондор баары бир жер койушат андан көрө бербегени жакшы.
+11
zhigitaly
2020-05-07 01:50:21
Бирөөнүн көзүн карабай аракет кылса болот эле да буга чейин эле намыс жок президенттерден баштап ким канча бере калаар экен деп суранып тиленип эле басып жүргөн байкуш болдук го
-4
AZIK01
2020-05-07 18:28:25
GIZ иштей береби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан