8-10-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашып, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрүн билдиришти.
Ошондой эле тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экендигин кошумчалашты.