Биз социалдык тармакта

Бишкекте Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык салют уюштурулат

Бүгүн, 9-майда Бишкекте Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык салют уюштурулат. Мындай маалыматты шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, "Жеңиш" аянтында саат 22:00дө "Жеңиштин салюту" жаңырат.

"Эпидемиологиялык абалга байланыштуу 9-майга пландалган бардык массалык иш-чаралар токтотулганы баарына белгилүү. Бирок шаардыктар үчүн Жеңиш майрамынын урматына салют аттыруу чечими кабыл алынган. Иш-чараны өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабы, бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен уюштурат. Албетте, шаардыктар түздөн-түз катыша алышпайт, бирок асмандагы "Жеңиштин салюту" ар бирине көрүнөт деген ишеничтебиз. Ошондуктан баарыңыздарды үйдө болууга чакырабыз. Салют башталган маалда коомдук тартипти укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөйт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан