Бүгүн, 9-май күнү Ала-Бука районунда Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган салтанат өтүп, согуш ардагерлерине автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Айры-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Шербаев билдирди.
"Иш-чара "Белгисиз жоокердин" эстелигине гүл коюу менен башталып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары: Айры-Там айылынын тургуну 94 жаштагы Насирдин Нармырзаев менен Баймак айылынын тургуну 94 жаштагы Хайдарали Аскаровго райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларынын демилгеси менен уюштурулган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылып, куттуктоолор жолдонду.