Бүгүн, 9-майда Бишкекте Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык фейерверк атылды. Буга чейин шаар мэриясы "Жеңиш" аянтында саат 22:00дө "Жеңиштин салюту" жаңырарын маалымдаган.
"Эпидемиологиялык абалга байланыштуу 9-майга пландалган бардык массалык иш-чаралар токтотулганы баарына белгилүү. Бирок шаардыктар үчүн Жеңиш майрамынын урматына салют аттыруу чечими кабыл алынган. "Жеңиштин салюту" ар бирине көрүнөт деген ишеничтебиз", - деп билдиришкен мэриядан.