Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министри Ош облусундагы табият кырсыгынан жабыркаган аймактардан кабар алууда

Бүгүн, 10-май күнү Кыргыз өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ош облусундагы табият кырсыгынан жабыркаган аймактардан кабар алууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Алгач министр Замирбек Аскаров Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди жана Ак-Таш айылдарындагы 127 кожолукту сел каптоо коркунучун алдын алуу максатында казылып жаткан сел каналдагы жумуштун жүрүшү менен таанышуу үчүн барды.
Аталган объектиге ӨКМ тарабынан 1 даана экскаватор жана 1 даана оор жүк ташуучу автосамосвал бөлүнүп берилип, учурда сел өткөрүүчү каналды чаап, тазалоо иштери жүрүп жатат. Жалпы узундугу 4500 метр сел өткөрүүчү каналдын 3000 метри чабылып тазаланат", - деди аталган мекемеден.

Министрдин иш сапары Ош облусунун Алай районунун аймактарында улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан