Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын "Сардоба" суу сактагычындагы дамбанын жарылышынан улам жабыркагандарга жардам берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Өзбекстандын калкына гуманитардык көмөк көрсөтүү чечимине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Жабыр тарткандар үчүн 1 миң тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан "Сардоба" суу сактагычында 1-майда дамба жарылып, Кургантепа шаарын жана бир нече айылдарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 12 миңден ашуун жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кийинчерээк тургундар үйлөрүнө кайтып жатышканы айтылган.