Биз социалдык тармакта

Вице-премьер: "2019-жылы дарыгерлерге онлайн жазылуу сервиси ишке киргизилди"

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 2019-жылы дарыгерлерге онлайн жазылуу сервиси ишке киргизилгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Дарыгерге онлайн жазылган бейтаптардын саны 145 миң 571 адам болду. Бишкек шаарында автоматтык башкаруу системи ишке киргизилген. Автоматтык башкарууну ишке киргизүү экономикалык натыйжалуулукту жогорулатууга шарт түзөт. 2020-жылы Бишкек шаарынын бардык бейтапканаларынын жана стационардык медицина борборун кошуу пландалган", - дейт Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulipa
2020-05-11 15:00:37
Онлайн жазылууну ишке киргизгенде терең ойлонуп анан киргизиш керек да, ушундай тантыктар башкарып жатканына өкүнөм.Өлөйүн деп ооруп, больницага барсаң гсв га бар дейт,гсв да очередь 12-14 адам,жетишсең жашап калдың,жетишпесең өлдүң.Мен эртең ооруйм же бүрсүгүнү оорушум мүмкүн деп очередь алып кетиш керек экен имиш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан