Бишкек шаарынын Жал кичи районунда стела (тексттери же сүрөттөрү бар мамы) ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бул стеланы чийип баштаганда эле Лас-Вегасты элестетип, буюрса, Бишкегибиз ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳгү шаарлардай болот деп тилек кылганбыз.
Стеланы 8-майда күйгүздүк, эми Жал-Вегаска кош келиңиздер.
Стела жана сейил бак Жал кичи районунун тургундарынын демилгеси, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун колдоосунда Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте тургузулду", - деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.