Биз социалдык тармакта

Бишкектин Кара-Жыгач конушунан 4 жашар кыз жоголуп, кайра табылды

Бишкектин Кара-Жыгач конушунан 4 жаштагы кыз жоголуп кетип, кайра табылды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-май күнү саат 14:30 чамасында Бишкек шаардык ИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Жыгач конушунан кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматы келип, маалыматты тактаганда 2016-жылы туулган У.К. аттуу кыз жоголуп кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында, Анкара көчөсү менен Достоевский көчөсүнүн кесилишинен жоголгон кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Кыздын ата-энеси милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан