Биз социалдык тармакта

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында курман болгон Үсөнбек Ниязбековго эстелик орнотулду

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында курман болгон Үсөнбек Ниязбековго эстелик орнотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-май күнү "Альфа" атайы күчтөрдүн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон жоокерлерин эскерүү күнүнө карата Бишкек шаарынын "Ала-Арча" көрүстөнүндө УКМКнын атайын кызматынын полковниги Үсөнбек Ниязбековдун эстелигинин ачылышы болуп өттү.

Эстеликтин ачылышына өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, УКМК жетекчилиги, ардагерлер, ошондой эле Ниязбековдун туугандары менен жакындары катышты. Ачылыш аземинде сүйлөгөндөр Ниязбеков жөнөкөй жана шайыр адам болгондугун, боорукер, мээримдүү ата катары эсте калаарын, ишенимдүү дос жана ата мекендин чыныгы уулу катары кызматтык милдетин акырына чейин аткаргандыгын жана эрдик жасагандыгын айтып, дүйнөдөн кайтса дагы анын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталмакчы деп эскеришти.

2019-жылдын 7-августунда Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаракатынан улам каза болгон.

47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 6 баласы калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KG-zigit
2020-05-12 13:45:26
Эки доо кармашса ортоло бей ажал чымын олот болду да быягы
Туугандарына бала чакасына сабыр тилейбиз. Аллахым жаткан жерин бейиштин торунон берсин Амиин
+6
kamchatka
2020-05-12 13:59:32
Сепаратистер менен болгон курошуудо мамлекет душмандары тарабынан каза болгон жайы жаннатан болсун!
+6
Tymar
2020-05-12 14:16:44
Жаткан жерин тенирим жай кылсын.
-10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан