Биз социалдык тармакта

Финпол депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүүгө алат

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө карата сотко чейинки тергөө ишин баштады.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "мыйзамсыз баюу" жана "кызмат адамынын ишкердик ишине мыйзамсыз катышуу" беренелери боюнча катталган. Анын негизинде Финполиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Учурда аталган соттук териштирүүнүн алкагында депутаттын мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылып, социалдык түйүндөрдө Сыймык Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган. Анда Жапыкеев Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун, байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн. Буга карата ИИМ мурдагы прокурорго иш козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
talaa11
2020-05-12 19:57:54
Бул Бийлике элдин ишеними кетип калган, эртен Жумалиевти суттон аппак таптаза экен деп чыкса тан калбайм
+21
hansel
2020-05-12 21:17:58
talaa11, бийлик колунан келгенин жасап атат, Жумалиевди ушул ыкма менен текшерууго балким бийлик туртку болгон
+5
tannuru1503
2020-05-12 20:07:22
Миллиондорунун бир болугу менен деле финполдун оозун басып сатып алып койсо керек
+25
portugalia
2020-05-12 20:19:11
Качан токтойт,бул тамагы жаман кузгундар тойгузушту.
+16
Asman779
2020-05-12 20:22:55
Бул Жон эле показуха, элди алдоо
+12
Erik2018
2020-05-12 21:12:20
жыйынтык чыкпай жаатып пикир жазгандар көзү ачыктык кылып койду
+5
CHingiz90
2020-05-12 21:51:21
Аягына чейин чыгып кустурса жакшы дечи Раим акама окшоштуруп бул таза экен десе көчүктүн күйгөнү ошол, биздикилерге ишенип болбойт.
+9
rysik79
2020-05-12 21:55:45
CHingiz90,лимон акен турмого очередь кутуп скамейкада
+2
rysik79
2020-05-12 21:54:46
Уурусу кучтуунун ээси доого жыгылат деген ушул окшойт. Жапыкеевти ген.прокурор кылып койсо болмок соковыжималкасы жакшы иштейт эле.
+6
suban78
2020-05-13 00:40:39
Коройлучу финпол кандай жыйынтык чыгарар экен. Коккуй эч нерсеси жок бир бечара экен деп турушса куйосун да жон эле. Кутобуз кыскасы.
+7
gitaris93
2020-05-13 03:49:48
Эмиби 10 күндөн бери Жапыкеев сайрап келетат свежийинда текшериш керек эле
+3
Samatalibei
2020-05-13 05:59:30
Жумалиев коркуп мулкторун кайда катып жатты экен кызык болтат?
+3
kamchatka
2020-05-13 09:12:27
Бир квартира менен уктатада финполду андан чондорун давно берчусун берип Асылбектин алдына намаз окуп жатса керек
+1
Goodyer
2020-05-13 10:50:48
Чон казат дальше ишин улантса жакшы анан Бир шылтоону айтып токтоп калышса башкалардан коркуп анда азыр эле унчукпай койгонунар жакшы. Бирок токтобошунар керек ийгилик каалайм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан