Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитетинде Конституциялык палатанын судьяларын кызматтан бошотуу тууралуу маселеси каралды.
Баяндаманы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев жасады. Чынара Айдарбекова, Чолпон Осмонова жана Айсалкын Нарынбекова шайлануу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан бошотуу чечими чыгарылган. Чечимди судьялар кеңеши чыгарган.