Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы: "Элдин Ички иштер министрлигине болгон ишеними өстү"

Ички иштер министрлигине болгон ишеним 4,7 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

"Өкмөттүн ишинин ачык жүрүшүндө бир канча мамлекеттик органдарга болгон ишеним жогорулады. Ички иштер министрлигине болгон ишеним 4,7 пайызга өстү. Аталган министрликке буга чейин жарандар көп нааразы болуп келген. Бүгүнкү күнү бул орган ишин, стилин өзгөртүп, коомчулук үчүн ачык боло баштады. "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, санариптешилген команда түзүлүп, бирдиктүү реестр, Туризм патрулдук милициясы түзүлгөнү себеп болууда. Ошондой эле 2019-жылы милиция кызматкерлеринин айлыгы 20 пайыздан 40 пайызга чейин көтөрүлүшү да себеп болду", - дейт өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tilek121277
2020-05-13 10:26:15
Ээ койгула оспой эле томондоду
+12
Jaznura
2020-05-13 11:37:16
tilek121277,ИИМ ачык иштеп жатат. Жолдон тосуп пара алгандар жок.
-21
robot111
2020-05-13 11:44:50
Милиция кызматкерлери оз иштерин жакшы жургузуп жатат. Озгочо жаны иштеп жаткан патрулдук кызматттар.
-19
Alia82
2020-05-13 10:32:58
Ха ха ха...
+15
expert.007
2020-05-13 10:35:20
Көгүчкөндөрдү учуруп ирдиңер го. Мындай статистиканы каяктан алдыңар. Элдин ар биринер сурап чыктыңарбы. Менен эч ким сурабады го
+17
Aza_boy
2020-05-13 11:02:42
Эртен менен туруп. Эмне туш корсо айта беришет экен да.
+17
Атасынын баласы
2020-05-13 11:03:37
Кооойчай...
+14
Erik2018
2020-05-13 11:32:15
ИИМ кызматкерлери жакшы иштеп берди Коменданттык саатта отуруп алып былжырап жаман дей берсек ким жакшысын берет диван эксперттер
-15
pyeon hwa
2020-05-13 14:44:41
Тууй ата, тоокко жэм берип келейинчи
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан