Биз социалдык тармакта

Депутат Акаев: "Контрабандисттер жакында Ак Үйгө келип, бензин сатканы калышты"

"Контрабандисттер жакында Ак Үйгө келип, бензин сатканы калышты" деп бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

"Бишкектин тегерек четинде аткезчилик жолу менен келген күйүүчү май сатылып жатат. Жакында контрабандисттер Ак Үйгө келип, бензин сатканы калышты. Мамлекетти аткезчилик каптап бүттү. Бир жылда 5 миллиард сомдой күйүүчү майдын контрабандасынан бюджетке каражат түшпөй жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Мамлекеттик салык кызматынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилерин кызматтан кетирүү керек. Чечкиндүү кадамдарга барганда аткезчилик токтойт. Кийинки келген жетекчиге аткезчиликти токтотуу талабын коюш керек", - дейт Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
JaneEr
2020-05-13 14:06:45
Жон эле суйлой берет жыйынтык жок жасаган иштеринен
0
Taalai94
2020-05-13 14:51:14
Жанар ХХХХконтрабандистердин баары ак уйдо олтурат сенин жанында.
+10
Bars88
2020-05-13 14:56:37
Оздорунун кылган ишин башкаларга оодарып койду.Ак уйдо отургандар аппак таптаза
+6
zevs
2020-05-13 15:05:16
ХХХХ birinchi benzindin baasyn tuwurup alyp anan kontrabanda dep suylosonor. Benzindin ozuk narky 25 bolso bardyk ele karapaym el arzan benzin kuygusu keletda
+6
zevs
2020-05-13 15:06:09
Janar dagy satylyptyr eldi oyloboy.
+3
Rifle_I
2020-05-13 18:04:45
Бензин оптом баасы 19.40 сом экен. Анда неге 37-42 сомдон сатылып жатат ?
Аикезчилик мамлекетке пайда келтирбесе элге пайда кылып жатат да 30 сомдон сатып. Ал эми аткезчилиги жок алып келгендер смлерге окшогон гисар койлорду багып, карапайым элди кыйнап жатат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан