Биз социалдык тармакта

Депутат: "Сүт арзан баада алынып, дүкөндөрдө эки эсе кымбат сатылып жатат"

Депутат Сайдулла Нышанов сүт арзан баада алынып, дүкөндөрдө эки эсе кымбат сатылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Сүт арзан баада алынып, дүкөндөрдө эки эсе кымбат сатылып жатат. 17-18 сомдон алынып жатса, дүкөндөрдө 35-40 сомдон сатылууда", - деди депутат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев мындай маселе бар экенин белгиледи. "Элден сатып алуу 17-18 сом болуп жатат. Сүттү кайра иштетүү ишканаларында сүттүн баасы 24 сомдон түшкөн жок. Бул маселе боюнча сунуш бердик, карап жатабыз", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulya78
2020-05-13 15:52:16
Туппа туура айылдан 15 сомдон алып кетишет экен биз 40сомдон алып атабыз
+4
meku9205
2020-05-14 09:07:27
Туура айтты май каймак сүт айрандар кымбат сатылып жатат
0
katerina.li
2020-05-14 19:01:22
Ой бул корунуш тиииииии илгертен эле келе жатат ко. Эми эсинерге келлинерби??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан