Биз социалдык тармакта

Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке 2 миллиард 100 миллион сом түшкөнү айтылды

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке канча каражат түшкөнүн сурады.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева атайын эсепке 2 миллиард 100 миллион сом каражат түшкөнүн айтты. "Бул каражат мектеп курууга жумшалат. Бүгүнкү күндө 15 мектептин тизмеси бар. Учурда коронавируска байланыштуу куруу иштери жүргүзүлбөй токтоп турат", - деди министр.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан