Социалдык тармактарда Михаил Исаковскийдин белгилүү "Катюша" ырын комузда чертип, ырдаган апанын видеосу тарады.
Анда айланасына өспүрүмдөрдөн "оркестр" түзүп алып, комузун колуна алып "Катюшаны" шатырата күүгө келтирген апаны көрүүгө болот. Артындагылар дагы комуз менен коштоп ырдашкан.