Биз социалдык тармакта

Депутат Баткенде социалдык курулуштардын абалы начар экенин айтты

Депутат Карамат Орозова жыл башынан бери Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында бир катар жаңжалдар орун алганын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жабыркагандар болду, үйлөр өрттөндү. Тилекке каршы, аталган облуста социалдык курулуштардын да абалы начар. Ал тургай заманбап оорукана курула элек", - деди депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт жабыркаган тамдарды калыбына келтирерин белгилеп, чек арага чектеш аймактардагы башка көйгөйлөр да чечилерин кошумчалады. Өкмөт башчы Баткен облусунда заманбап оорукана куруу үчүн 5 гектар жер бөлүнгөнүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан