Депутат Искандер Гайпкулов доллардын курсу көтөрүлдү деп дарыканалар дарылардын баасын жогорулатып жатышкандарын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек менен камсыздоо департаментине, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тапшырма берүү керек. Доллардын курсу көтөрүлдү деп дары-дармектин баасы жогорулап жатат. Дарыканалар жүрөк оорунун дарыларын эки эселеп жогорулатып жатышат. Дары-дармектерден кошумча нарк салыгын алып салганбыз да. Бул көзөмөлгө алынышы керек", - дейт депутат.