Биз социалдык тармакта

Депутат Акаев 2021-жылы Эгемендүүлүк күнүн Баткен шаарында белгилөөнү сунуштады

Депутат Жанар Акаев 2021-жылы Эгемендүүлүк күнүн Баткен шаарында белгилөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жыл сайын Баткен облусунда бир топ көйгөйлөр токтобой келе жатат. 31-августта жыл сайын Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүн белгилейбиз. Бул күн Бишкек шаарында гана белгиленет. Өкмөт системдүү иш алып барып, эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин Баткен шаарында белгилешибиз керек. Андан кийинки жылы Ысык-Көл, Нарын же Таласта өткөрүү шарт. 31-августту ар кайсы шаарларда өткөрүүнү өкмөт азыртадан баштап пландашы зарыл. Баткен шаарынан баштасак ички туризм өнүкмөк. Баткенге маани берилмек. Арменияда жыл сайын Эгемендүүлүк күнүн ар кайсы шаарларда өткөрүшөт. Ушул маселени колго алуу керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shirinai
2020-05-14 11:21:08
Туптуура, шылтоо менен Баткенди корелек депутаттар коруп кетишет. Сомолет менен эмес машина менен келишсин.
+13
Tymar
2020-05-14 11:31:45
Колдобойм.
-9
Alinur96kg
2020-05-14 15:25:26
Ак уйду Баткенге кочуруш керек,ошондо бийликтегиле ХХХХ ойлоп чек арага конул буруп башташат беле деген ой да.
+3
Gabiku
2020-05-14 16:13:18
Ошол белгилегени кеткен акчага, лучше чек араны тосуп койсонор Элдер кырылбай жашап калмак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан