Биз социалдык тармакта

Бишкек өзгөчө абал алынгандан кийин. Таңда тартылган сүрөттөр жана бийиктиктен көрүнүш

10-майда саат 24:00дөн баштап өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими алынган болчу. Ага ылайык, коменданттык саат да жоюлган. Бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын өзгөчө абал алынгандан кийинки көрүнүшүнө көз салды.

Биздин съемка таңкы саат 05:30да башталды. Бул учурда жаңы гана таң атып баштаган, шаардан бирин-серин унаалар менен "Тазалык" кызматынын жумушчуларын гана кезиктирдик.

Саат 10:00гө жакын өзгөчө абалдын алынганы кадимкидей билинди. Жашоочулар сыртка чыгып, турмуш тиричилик менен алек. Базарлар да иштеп баштаган, 1 жарым айдай жабык турган базардын тегерегинде эл көбөйө түшкөн. Азырынча шаарда коомдук транспорттор жүрө элек, жеңил унаалар көп. Ошол эле учурда велосипед менен жүргөндөрдүн көбөйүп калганын байкадык.

Бишкек өзгөчө абал алынгандан кийин
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira1989
2020-05-14 16:39:17
Жалаң велосипед менен коомдук транспортто гана жүрсөк абанын булганганы азаймак беле...
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан