Биз социалдык тармакта

Быйыл 59 миңдей окуучу мектепти аяктайт

Быйыл 59 миңдей окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкөдө быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1 миң 253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын.

Коронавируска байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коёт. Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт. Кыргыз өлкөсүндө жалпы 2 миң 283 мектеп бар, анда 1 миллион 311 миңден ашуун окуучу билим алат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан