Биз социалдык тармакта

Чек ара аймактарына багытталган каражат кыскартылбай тургандыгы айтылды

Депутат Бахадыр Сулейманов чек ара аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө каралган каражаттар кыскартылбашы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбекова чек ара аймактарына багытталган каражат да кыскартылбай тургандыгын айтты. Анда Бахадыр Сулейманов мыйзам долбоорунун маалымат негиздемесинде 15 миллион сомду кыскартуу тууралуу маалымат жазылганын белгиледи. Министр бул маалыматты тактай тургандыгын убада кылды.

Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан